Бүгүн Франция президенти Франсуа Олландды туулган күнү.

«Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достуктун жана өз ара кызматташтыктын туруктуу жактоочусу катары сизди кыргыз эли билишет. Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдин бакубатчылыгы үчүн кыргыз-француз достук мамилелер мындан ары да бекемдей берет деп ишенем», — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Атамбаев ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.