Бишкектин Ленин, Октябрь райондорунун жана жаңы конуштардын ички жолдорун оңдоолууда.

Мэриядан кабарлагандай, жаңы асфальт төшөө үчүн эски асфальттын үстүңкү катмары сыйрылууда. Автоунаа жүрүүчү таш жолдорго төшөө үчүн колдонулат.

“Мусулманкулов, Иманалиев, Чодронов, Береговая, Соликамская, Рысмендиев, Подольская көчөлөрүнүн жана «Арча-Бешик» жаңы конушунун ички жолдорунун 50-300 метрге чейинки бөлүктөрү оңдолууда”, — деп билдирди.