Рио-2016 коло медалынын ээси Иззат Артыковду бүгүн Манас аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты.
Айгерим Замирбекова спортчунун жубайы толкунданганын сөз менен жеткире албай жатканын saat.kgге айтып өттү.
«Мен түз эфирден көрүп жаткам. Сүйүнгөнүмдөн толгоом да башталып кетти. Буюрса бир айдан соң көз жарам», — дейт.
Иззат Артыковдун эжеси Исмигүл Артыкова сүйүнүп көзүнө жаш алды.
«Биздин апабыз Орусияда. Мен өзүм 6 жылдан бери ал жактамын. Иззат жаш кезинен өтө шок, өжөр болчу. Менин кубанычымда чек жок», — дейт ал.
Ал эми Артыков өзү жеңишин кыргыз элине арнай турганын айтты.
«Буюрса эмки олимпиадада алтын медаль алууга аракетимди жумшайм», — деп белгиледи.
Президенттин токтомуна ылайык, ал спорт агенттиги тарабынан өмүр бою берилүүчү 15 000 сом жана ай сайын 4 жыл ичинде 45 000 сом өлчөмүндө берилүүчү стипендия алат.
Оор атлетчи Каныбек Осмоналиев дагы өзүнүн калоо-тилектерин айтты.
«Мен 27 жашымда чемпион болсом, мына сен 23 жашыңда болдуң. Бул алтын эмес алмазга тете коло. Себеби кыргыз оор атлетттери менден кийин атын чыгара элек болчу. Сенден эми биринчи орунду күтөбүз», — деп белгиледи.