Ирак күрддөрдүн жана АКШнын атайын күчтөрү менен биргелешкен иш жүрүшүндө Хаджи Хамад деген ат менен белгилүү Сами Джассим аль-Джаббури жок кылынды.

Бул малыматты Курдстандын коопсуздук совети Reutersге билдирди. Ал Орусиядагы тыюу салынган Ислам мамлекетинин лидери болгон жана Ирак менен Сириядагы мунай казып алуу жайын башкарган.  Ошондой эле аль-Джаббури менен биргеликте анын орун басары да каза болгон деп агенттик билдирет.

Буга чейин Пентагон билдиргендей, АКШдагы аскер согуш учурунда 45 миң ИШИМдин тарапташтары каза болгон. АКШнын берилген баасына таянсак, уюмдун катышуучулары 15 миңден 20 миңге чейин жетет.

Автор: Нуркыз Маматова