Июль айында  “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 298  млн  кВт саат электр энергиясы келип түштү.

Компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 363 млн сомду түзүп, анын 370,7 млн сому же 101,8  % чогултулган.

Июль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында – 106,7 %   өндүрүштүк объектилерден- 105,7 % бюджеттик уюмдардан – 118,7 % башка керектөөчүлөрдөн – 92,7 %  жана айыл чарба объектилеринен – 71,4 %  аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:

Бишкекте төлөм чогултуу 189 млн.сомду же 97,2 %

Чүй облусунда -161,7 млн.сомду же 105,5 %

Талас облусунда – 19,8 млн.сомду же 123,1 % түздү.

Июль айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 9,79 % түздү.