Артыков  Бернардин жакшы даярданган эмес, ошондуктан утулуп калды деп saat.kg жооп берди.

Буга чейин француз оор атлетчиси Бернардин Кинг Матам биринчи беш орунду алган штангисттер таза эмес деп жарыялаган.

Анын айтымында, эгер керек болсо ал кошумча кызытма-тест өтүүгө даяр.

Артыков бардык спортчулар мелдештин алдында тест өтүшөт деп белгиледи.

«Эгер мен кызытма колдонсом, анда дароо билинип калмак. Ал кичине көбүрөөк машыкса балким утмак»,- дейт жеңүүчү.

Риого Кыргызстандын намысын коргоп 19 спортчу барган. Оор атлетчилер Иззат Артыков, Жаңыл Окоева, сууда сүзгүчтөр Дарья Таланова, Денис Петрашов жана дзюдочу Отар Бестаев бүгүн кайтып келишти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү