4-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Семенов капчыгайындагы Кырчын жайлоосунда 288 боз үйдөн турган “Кырчын айылы” этношаарчасынын расмий ачылышы болот.
Өзүнүн өлчөмү менен болуп көрбөгөндөй укмуштуу “Кырчын айылы” этношаарчасы жаратылышы эң кооз капчыгайда түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай созулмакчы.
Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы билдиргендей, этношаарча Бишкек, Ош шаарлары жана жети облус тарабынан көрсөтүүгө коюлган, ар бири 25 боз үйлүк болгон 9 көчмөн конушунан турмакчы.
Шаарчага “Кыргыз айылынын” улуттук стилде жасалып, флагштоктор менен кооздолгон борбордук дарбазаларынан кирүүгө болот. Дарбазалардын эки жагына балбалдар коюлат. Келген конокторду жасалгалуу жана кооз дарбазалардын оозунда салттуу жана улуттук кийимчен жигиттер жана кыздар тосуп алат.
Коноктор шаарчадагы алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле башталып жаткан салтанаттардын айтса түгөнгүс чөйрөсүн жан-дүйнөсү менен сезип, көчмөндөрдүн баштапкы маданиятына өз көзү менен күбө болот жана кыргыз элинин салт-санаалары,үрп- адаттары менен тааныша алат.