Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына келди.
Өкмөт башчыны Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев тосуп алды.
Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтык маселелери каралат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуусунун алкагында эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.
Жээнбеков башында турган кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген делегациянын курамында: вице-премьер-министр Олег Панкратов, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Усен Усупов, тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.