Мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөштүн эффективдүүлүгүн көтөрүү максатында Ысык-Көл облусттык ИИБнин демилгеси менен «Кара-Куурай» операциясы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлеринин көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 4 баңги кылмыштарынын бети ашкерленди, анын ичинде 1 факт апийим өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүү, 1 факт баңги заттарын колдонууга көмүскө жайын уюштуруу болуп саналат. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 16 кг 740 гр алынды, ошондой эле кылмыш иликтөө багыты боюнча 3 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Раймамадминистрациялардын, мекеме жана ишканалардын жетекчилери менен бирдикте жапайы кендирлерди жок кылуу боюнча иш-чаралар уюштурулуп, 5 күндүн аралыгында жапайы кендирдин 45 тонна 792 кг жашыл массасы 46 га аянтта жок кылынды. Жапайы кендирди жок кылуу боюнча иш аракеттериди көрбөгөндүгү үчүн милиция кызматкерлери тарабынан 178 административдик протоколдор түзүлүп, раймамадминистрациялардын ичиндеги түзүлгөн комиссиялардын кароосуна жиберилген.