Бүгүн дзюдо боюнча акыркы 2 медалдар комплекти ойнотулат. 100кг өйдө салмак категориясында Кыргызстандын атынан Юрий Краковецкий мелдешүүдө.

Биринчи беттеште ал немис Андре Бейтбарт менен жолукту.

Татами үстүндө Ю.Краковецкий атаандашын жеңди.

1/8 финалда дзюдочу украиналык Яков Хаммону 2  мүнөт 48 секундада жеңип 1/4 финалга өттү.

Эми Краковецкийди өзбек Абдулло Тангриев менен болгон беттеш күтөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү