Ал планетадагы эң узак жашаган омурткалуулардын катарына кошулду.

Аталган жаныбар Гренландиядагы узак жашоочу акулалардын катарына кирип, 400 жыл жашаганы аныкталды.

Изилдөөчүлөр жаштарын аныктоо үчүн 28 акуланы балык торуна киргизишкенде көбү чыдабай өлүп калган. Радиоуглероддук анализ көрсөткөндөй алар жылына 1 см гана өсүшөт. Ал эми жыныстык жактан 150 жыл дегенде жетилишет.

Буга чейин узак жашагандыгы боюнча ошол эле аралда 211 жыл жашаган кит рекорд койгон.