Кыргызстандын туруктуу калкынын саны быйылкы жылдын 1-июлуна карата 6 млн 78 миң адамды түзүп, биринчи жарым жылдыкта 58 миң адамга, же 1%га көбөйдү.
2012-жылдан бери калктын эмиграциясы олуттуу кыскаргандыгына байланыштуу өлкөдөгү калктын санынын бийик өсүшү сакталууда.
Калктын санынын өсүшүнүн көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында республикалык көрсөткүчтөн бир эсе жогору болгонун улуттук статистикалык комитеттин демографиялык статистика бөлүмү билдирди.