Изилдөөчүлөр эмгек рыногуна технологиялык прогресс абдан катуу таасирин тийгизет. Мурунку кесиптер жоголуп, жаңылары пайда болот дешет.

Виртуалдык жашоонун дизайнери

10 жылдан кийин адамдар виртуалдык мейкиндикте мындан да көп убакыт өткөрүп калат. Ошого жараша виртуалдык дүйнөнү шөкөттөп жана түзүп берүүчүлөргө суроо-талаптар көбөйөт.

Биохакерлер

Биохакинг — адамдын организминин продуктивдүүлүгүн жогорулатуу, физикалык күчтү жана акылды арттырып, денени технологиялык гаджеттер менен курчоо боюнча өзүнчө искусство болуп эсептелинет. Ал бир кезде медицина менен кошо өнүгүп баштайт.

Космикалык турларды уюштуруучу

Космоско болгон саякат кадимки көрүнүшкө айланат. Ошол убакта космос туризмине адистер талап кылына баштайт.

Табигый чөйрөнү куруучу инженерлер

Адам айлана-чөйрөнү өзгөртүүгө кудурети жетип жаратылышты өзгөртүп жатат. Урбанизациянын өнүгүшү менен табигый экосистеманы калыбына келтире албаса да, окшоштуруп жасаган адистик пайда болот.

Адамдын өздүгүнүн куратору

Соцтармактардын логикалык жактан өнүктүрүлүшү менен адамдар өзүнүн эскерүүлөрүн, ойлорун жана кыялдарын сактап коюп, кайра көргөндү үйрөнөт. Аны колдонууну үйрөтө турган кураторлор чыгат.

Адам денесинин куратору

Имплантациянын өнүгүшү менен адам өз денесин жана мүчөлөрүн каалагандай кылып өзгөртө баштайт. Ал үчүн да өзүнчө кесип пайда болот.

Робо-этиканын жактоочусу

Жакында автопилоттун жардамы менен жүргөн Tesla унаасы кырсыкка учурап, айдоочу каза тапканы маалым. Ушундай учурларда механизмдердин кабыл алган чечимдерин түшүндүрүп бере турган жактоочулар керектелет.