2084-жылдары дүйнөлүк глобалдуу ысуунун айынан чоң шаарларда Олимп оюндарынын өткөрүү мүмкүн болбой калат.

Берклидеги Калифорния университетинин адистери аба-ырайы боюнча изилдөө жүргүзгөн.

Изилдөөгө ылайык 70 жылдан кийин көпчүлүк чоң шаарларда атлеттер жана көрүүчүлөр үчүн аба температурасы чыдагыс ысык болот деп айтылат.

Ошондуктан калкынын саны 600 миңден ашык, деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан шаарлар гана тандалып баштайт.

Ага жараша Санкт-Петербург, Красноярск, Рига, Бишкек, Улан-Батор, Сан-Франциско, Калгари жана Ванкувер шаарларында олимп оюндарын өткөрүү ыңгайлуу болот.

Бөлүшүү