Нигерияда «Боко Харам» исламчыл экстремисттер эки жыл мурун уурдалып кеткен мектеп окуучуларынын видео тасмасын таркатты.

Согушкерлер топтун камактагы мүчөлөрүн барымтадагы кыздарга айырбаштоону талап кылууда. Бул тууралуу ВВС маалымдоодо.

«Боко Харам» жоочулары 2014-жылы Нигериянын Чибок шаарында 300дөй окуучуну барымтага алышкан. Топтун лидеринин айтымында, кыздар исламга кайткан. Айрымдары туткундан качып кетүүгө үлгүргөн. Уурдалган кыздарды издөөгө АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөр катышкан. Социалдык түйүндөрдө жана дүйнө ММКларында #BringBackOurGirls (Биздин кыздарды кайтарып бергиле) аттуу кампаниялар өткөн. Иш-чараны АКШнын биринчи канайымы Мишель Обама, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана башкалар колдогон.

«Боко Харам» тобу БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан террордук уюмдар тизмесине киргизилген. Анын мүчөлөрү Нигерияда шариатты киргизүүгө далалат кылууда. 2015-жылы “Боко Харам” “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна берилгендигин билдирип, ант берген.

Бөлүшүү