“Бишкек-Нарын-Торугарт” унаа жолунда 16-августта жана 25-августта саат 9:00дөн 15:00гө чейин таш кулатуу иши жүргүзүлөт.

Транспорт министрлиги билдиргендей, жол таш кулатылып жаткан учурда гана жабык болот. Тазалангандан кийин бир капталы ачылат. Ошондой эле министрлик коомчулукту эскертет.