Июль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон  дебитордук карызын 10,8 млн сомго же 2 % төмөндөтүштү.

Анын ичинен бюджеттик уюмдар энергетиктер алдындагы карызын 7,1 млн.сомго же 8,1 %;

Калк – 7,9 млн. сомго же 2,9 %;

Өндүрүш абоненттери – 5,2  млн.сомго же 10,2 %

Ал эми июль айында дебитордук карыз башка керектөөчүлөрдө – 6,6 млн. сомго же 6,5 %;

Айыл-чарба керектөөчүлөрүндө – 2,7 млн. сомго же 34,8 %  жогорулаган.

Дебитордук карыздын төмөндөшү “Түндүк электр” ААК тейлеген  аймактардан Чүй жана Талас облустарында  байкалууда:

Чүй облусунда – 9,4 млн.сомго же 15,4 % га;

Талас облусунда – 3,9  млн. сомго же 4 %;

Борбор калаада  дебитордук карыздын 2,6 млн. сомго же 1,4  % га жогорулаган;

Июль айында төлөмдү өз маалында жүргүзбөгөндүгү үчүн 12 465 абонент өчүрүлгөн.