Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө КАМАЗды бензин куйуучу багы жарылып автоунаа толугу менен күйгөн.

ӨКМ билдиргендей, айдоочусу 52 жаштагы эркек киши болгон.

Маалымат боюнча, анын денесинин 70% күйүп калган, учурда ооруканада. Өрттүн келип чыгышы электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан. Маалымат 13-августта саат 17:58де түшкөн. Толугу менен өрт  саат 19:20да өчкөн, өрт өчүүрүгө  2 бөлүм тартылган.

Бөлүшүү