Дүйнөдөгү шаар мэрлери кандай иштеп, кандай жашашат? Алардын шаарына кошкон салымдары кандай?

Англиянын Бристоль шаарынын мэри — Жордж Фергюсон

Кесиби архитектор болгондуктан имараттарды экинчи жолу колдонууну туура деп эсептейт. Ошого жараша өзү тамеки фабрикасынын эски кеңсесинде жашайт. Ал жергиликтүү ишкерлерди абдан колдойт. Ар дайым жеке ишкердин ашканасына кирип тамактанат. Велосипед сатып алса жеке ишкердикин алат.

Аделиаданын (Австралия) мэри — Анна Моран

Анын үйүндө күн батареясы орнотулган. Жамгыр суусун тосуучу 40 литр багы бар. Эшиктин алдына тоок багып, жумурткаларын эрте мененкисин үй-бүлөсү бышырып жейт.

Мэр көмүр кычкыл газын азайтууну көздөйт. Шаарда биринчи жолу күн жылуулугу менен жүрүүчү “Тиндо” автобусу ойлоп табылган. Жол чырактарда көмүр кычкыл газын 60%га азайтуучу диод жарыктары колдонулат.

 Ванкувер шаарынын мэри (Канада) — Грегор Робертсон

Ал мэр болгондон кийин шаарды 2020-жылга чейин жашыл шаарга айлантам деп сөз берген. Калдыктарды азайтууну көздөйт жана күн энергиясын колдонууну өзүнөн баштаган. Өзү велосипед менен жүргөндү жактырат.

 Любляна шаарынын мэри (Словения) — Зоран Янкович

Ал эл арасында коомдук жемиш багын ачуу менен белгилүү болгон. Шаар көчөлөрүндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да эркин жүрө ала тургандай шарттарды түзүп берген. Күн системасын колдонууну жолго койгон. Быйыл калаа Европанын эң жашыл шаары деген наамды алган.

 Копенгаген шаарынын мэри (Дания) — Франк Йенсен

Ал Даниядагы мунай каатчылыгы убагында өсүп чоңойгон. Ошондуктан ар дайым күйүп турган шамдарды өчүрүп, колдонулбаган электр приборлорун үнөмдөгөнгө көнгөн. Ал өзү вело жүрүштүн мүчөсү катары, велосипед колдонуучулардын жолдогу шарттарын жакшырткан. Кышы-жайы кызматына велосипед менен келип кетет.

Стокгольм шаарынын мэри (Швеция) — Карин Вангард

Коомдук транспорт менен жумушуна келет. Колдонулган батареяларды, кагаздарды, металлдарды кайра иштетүүгө өткөрүп  турат. Өзү болсо «секонд хендден» соода түйүндөрүнөн кийинет.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ишин кандай алып барууда?

Ал кызматка келери менен шаар ичинде бак-дарактардын кулаганы күчөдү. Бирок, ага карабастан алгылыктуу иштерди жасап жатканын коомчулук айтып калууда.

100 күн ичиндеги аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатып, «биринчи жолдорду оңдоо керек. Параллелдүү магистраль курабыз. Жылдын аягына чейин жаңы троллейбустарды алып келебиз. Кытайдан газ менен жүрүүчү автобустардын келиши күтүлүүдө” — деген пландары менен бөлүшкөн.

Мэрдин «жөжөнү күздө санайлы» деген өңүттө жасаган иштеримди кийин көрөсүңөр деп айтканы да бар.