Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан, 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн капсула салуу аземи болуп өттү.
Ага вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, ички иштер министирлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары, күч органдарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бул багыттагы жумуштар мындан ары да уланып, жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар экендигин айтып, күч түзүмдөрүнө кубаттуулукту жана кайраттуулукту каалады.
Ал эми Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошевдун айтымында капсула салынган көп кабаттуу үй 12 кабат болуп, алдынкы кызматкерлерге бөлүнүп берилет.
220 батирлүү 12 кабат үй 2017-жылдын күз айларында бүтөт. Көп кабаттуу үй өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Сметалык баасы 302 млн сом.