Бүгүн, 15-августта грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов таймаштарга чыгат. 

Чучукулак кармалып, алардын атаандаштары аныкталганын Рио олимпиадасынан кабарлаган спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди.

Күч сынашуулар 15-августта Рио убактысы боюнча саат 10до, бишкек убактысы боюнча кечки саат 19.00до 85 жана 130 килограмм салмактарда таймаш  башталат.

85 килоргаммга чейинки салмакта 1/16 финалдагы Жанарбек Кенжеевдин алгачкы атаандашы  германиялык Денис Кудла болмокчу. Ал  2016-жылы Европа чемпионатында коло байге уткан. Жанарбек болсо 2016-жылдын Азия чемпиону жана Азия оюндарынын үч жолку коло байге ээси, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер болуп саналат.  Оңдой берди болуп, германиялык балбанды Жанарбек жеңсе, 1/8 финалда грузиялык же мексикалык балбандар менен күч сынашат.

130 килограмм салмактан жогору балбандардын таймашында жаштар арасында Азиянын көп жолку чемпиону Мурат Рамоновдун алгачкы атаандашы орусиялык Сергей Семенов болмокчу.  Орусиялык балбанды утуп алса, Мурат 1/8 финалда өзбекстандык Муминжан Абдуллаевге туш болот.

Рио олимпиадасынын таймаштары курч мүнөздө өтүп жатканы менен  айрым учурда калыстык болбой жатканын адистер белгилеп, коңгуроо кагышууда.