Кыргызстандык жөө күлүктөр мыкты 100 атлетчинин катарына киришти.

Кыз-келиндер арасындагы жарыш 14-август күнү 42 км 195 м аралыкта болуп 156 спортчу ат салышкан.

Алардын арасында Кыргызстандын жөө күлүктөрү: Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана Виктория Полюдина бар.

Юлия Андреева аталган аралыкты 2 саат 40 мүнөт 34 секундда келип 59-орунду ээледи.

Андреева олимп чемпиону кениялык Джеми Джелагат Сумсонгдон 16 мүнөт 30 секундга калып калды.

Виктория Полюдина 2 саат 41 мүнөт 37 секунд убактысы менен 62-орунда.

Мария Коробицкая  2 саат 47 мүнөт 53 секун менен 94-орунга ээ болду.