Мамэкотехинспекциясы балык улоого каршы атайын рейд уюштурулган. 

Рейд учурунда Кочкор районунун Орто-Токой суу сактагычынан фольксваген пассат үлгүсүндөгү автоунаасы текшерүүгө  алынган.

Текшерүү  учурунда автоунааны башкарып келе жаткан 30 жаштыга Данияр Исмаилов эч уруксаты жок балык алып кетип бара жаткандыгы аныкталган . Нарын ОИИБнин ПМ кызматкерлеринин жардамы менен автоунаа текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында  213 даана сига балыгы, 1 даана үйлөтмө желим кайыгы  жана 15 даана балык кармоочу кытай өндүрүшүнөн чыккан торлор бар болгон.

unnamed (1)

Акт, протокол түзүлүп Кочкор РИИБнын тергөө бөлүмүнө  өткөрүлгөн.

Ал эми балык  дүйнөсүнө зыян келтирилендиги үчүн мамлекеттин пайдасына өндүрүү үчүн 215  130 сом доо коюлду.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.