Дзюдочу Instagramдагы баракчасында күйөрмандарына жана аны колдогон адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

«Досторума жана туугандарыма, тааныштарыма жана тааныбаган адамдарга ыраазычылык билдирем. Мени колдогонуңар үчүн чоң рахмат. Жеңишке жетүү үчүн болгон аракетимди жумшадым. Бирок болбой калды. Силердин күч-кубатыңар мен үчүн абдан маанилүү болду. Баарыңарга дагы бир жолу чоң рахмат. Токио-2020га даярдана баштайм жана ишеничиңерди актайм деп сөз берем»,- деп билдирген Ю. Краковецкий.

Кыргызстандык спортчу 100 кг өйдө салмактагы беттеште 7-орунду ээледи.

Бөлүшүү