Ал 13-августта КРдин улуттук интерпол бюросу менен Чүй ОИИБси тарабынан колго түшүрүлгөн.

Түркиянын 54 жаштагы Л.Г. аттуу жараны бирөөнүн унаасын тартып алуу, документтерди жасоо, тоноочулук кылмыштарын жасап 2007-жылы изин жашырып кеткен.

Маалыматта мурун укук коргоо органдарында иштегени айтылат. Л.Г. быйыл Түркиянын интерполу тарабынан издөөгө алынган.

Кылмышка шектүү 2012-жылдан бери КРде жашырынып жүргөн. Аны Свердлов райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү