Чолпон-Атада II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан ипподром аягына чыкты.

Бул маалыматты көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштери боюнча катчылык билдирди.

Негизинен курулуш иштери 25-августта бүтөт деп айтылган.

«Азыркы учурда ипподромдун жанындагы аймакты жашылдандыруу иштери жүрүүдө. Жалпы бюджеттен курулушка 1,23 млрд сом сарпталган»,- деп белгилешти катчылыкта.