II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында 12-14-августта Бишкек шаарындагы “Супара” этнокомплексинде өткөн этникалык мода, музыка жана ыр боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Конкурсанттар калыстар тобуна өзүнүн этномода жана этнохит багытындагы эмгектерин жана чыгармаларын тартуулашты.

“Этнохит” номинациясы боюнча биринчи орундарга Жанар Туратова жана “Ак Суунун Элечек Айымдары” “Кыргыз Руху” жана “Айыл кечи” чыгармалары менен татыктуу болушту. Экинчи орундарды “Көк Бөрү” чыгармасы менен Кылыч Эдикс, “Аура” тобу жана Аяна Касымова “Аманат” чыгармасы менен ээлешти. “Ак Бакай Айымдары” “Дүйнө” чыгармасы менен, Бакыт Мамаев “Манас аян” чыгармасы менен үчүнчү орундарды алышты.

“Этностиль” номинациясы боюнча жеңүүчүлөр: биринчи орун – Жаңыл Абдылдаева, коллекциясынын аталышы “Дастан”, экинчи орун – Алина Бактыбекова, коллекциясынын аталышы “Эски шаар” жана үчүнчү орун – Нурзада Нурматова, коллекциясынын аталышы “Кырк Чоро”.

“Авангард” номинациясында Жанара Калыс кызы “Таш Рабат” коллекциясы менен биринчи орунду алып, жеңүүчү аталды. Экинчи орунду Айгерим Анарбекова, коллекциясы – “Насыйкат” жана үчүнчү орундун ээси – Чолпонай Алмаз кызы, коллекциянын аталышы “Күндүн нурлары”.

Республикалык конкурстун жалпы байге фонду 200 000 сомду (эки жүз миң) түзөт: “Этномода” номинациясына 100 миң сом, “Этнохит” номинациясына 100 миң сом.

Сынактын жеңүүчүлөрү “Nomad Fashion Fest 2016” фестивалына катышат. Фестиваль 2016-жылдын 5-7-сентябрында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары учурунда өтөт.

Максаты башка маданияттын улуттук салт-санааларына болгон сый-урматты тарбиялоо, ошондой эле жаш музыканттардын чыгармачылык чебердигин жана аткаруучулук маданиятын көтөрүү, фольклордук көркөм өнөрдүн эң мыкты үлгүлөрүн жайылтуу максатында этномузыкада ар кандай багыттагы таланттуу аткаруучуларды жана топторду аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мындан сырткары, жөндөмдүү дизайнерлерди аныктоо, элдик кол өнөрчүлүк чыгармачылыктын усталарын колдоо, жаштардын чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу, модель жасоо жана кийим-кече дизайны жаатындагы чыгармачылык жетишкендиктерди эл назарына коюу, күнүмдүк кийимдер жана адамдын жашоосундагы дагы башка  тармактар аркылуу этникалык салттарды улоо болуп эсептелет.

Конкурска өзүн этномузыканын ар кыл багыттарында сынап келе жаткан, ар кандай инструменттердин ойнолуусу менен жалгыз же топтун курамында ырдаган чебер музыканттар жана музыканы сүйүүчүлөр катышты.

Мындан сырткары, кийим-кеченин жана аксессуарлардын жаш дизайнерлери, иштеп жаткан модель түзүүчүлөр жана кийим-кече дизайнерлери конкурста өзүнүн эмгектерин көргөздү.

II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.

Бөлүшүү