Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги балдарды кайтарып келген.

Анда 3 айдан 1 жашка чейинки балдар өз мекенине алынып келингени айтылат.

Ата-энелердин баладан баш тартуусунун себептери туруктуу жашаган жердин жана жумуштун жоктугу, каттоосуз нике же каалабаган кош бойлуулук болгон. Мыйзамга ылайык, ата-эненин бирөөсү Кыргызстандын жараны болсо, бала кайда төрөлгөнүнө карабастан өлкөнүн жараны болуп кала берет.

3 наристе Токмоктогу жана экөө Бишкектеги балдар үйүнө өткөрүлдү. Азыркы тапта министрлик балдардын ата-энесин табуунун аракетин көрүүдө. Эгерде алар кайрадан баш тарта турган болсо, асырап алуучулар изделип баштайт.

5 жылдын ичинде 58 бала, ал эми жыл башынан бери 8 бала кайтарылган. 58нин 33ү багылып алынган. 7 баланы өз ата-энелери алып кеткен. 18 наристе балдар үйүндө тарбияланып жатат.