16-августта Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарында олимп оюндарынын 11-күнү өтүүдө.

66 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Царев биринчи беттешинде, 1/8 финалда 2014-жылдагы Африка чемпиондугунун жеңүүчүсү алжирлик Бенаисса Тарек Азиз менен күч сынашты.

Мелдеште Царев алжирлик балбандан 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Руслан Царев алтын жана күмүш үчүн болгон беттештен ыргыды. Бирок жубатуучу турнирде коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар.