Риодогу жайкы Олимп оюндарынын 11-күнүндө 25 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын атын 16-августта бир гана спортчу коргойт. Ал грек-рим күрөшү боюнча балбан Руслан Царев.

Ал 66 кг чейинки салмакта мелдешет.

Руслан Царевдин 1/8 финалдагы алгачкы атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайс.

Беттеш Бишкек сааты боюнча 19:00дө башталат.

Царевдин 1/8 финалдагы алгачкы атаандашы Африка чемпиону алжирлик Тарек Азиз Бенайс. Жарым финалдык таймашта 2008-жылкы олимп чемпиону орусиялык Ислам Бека Альбиев, чемпион азердбайжандык Расул Чунаев ошондой эле Лондон Олимп оюндарынын күмүш медалчысы Кореялык Руи Хан Су болмокчу.