Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Эл аралык иш-чараларга болгон даярдыктар менен таанышты. Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн саммитин өткөрүү жөнүндө, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келе турган жогорку даражалуу конокторду тосуу жөнүндө жана КРдин БУУнун башкы ассамблеясынын Нью-Йоркто өтө турган 71-сессиясынын жыйынына катышуусу тууралуу маалыматтарды алды.

Президент алдыдагы олуттуу тышкы саясый иш чараларга жакшылап даярдануунун маанисин белгиледи. ТИМге өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды бергенин президенттик аппараттан билдиришти.