Ошентип, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенине бир жыл толду. Аны менен Кыргызстандын экономикасы алдыга жылат деген үмүттөр бар эле.

Биринчиси эле ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө биринен-бирине өтүү жана товар жүгүртүү эркин болушу керек деп айтылган. Ага жараша бажы посттору алынышы керек болчу.

Бир жылдык убакыт өтсө да, КРдин айыл чарба продукцияларын экспорттоого байланышкан маселелер чечилбей жатат. Биринчи кезекте жөнөтүлүп баштайт деген эт менен сүткө уруксат тастыктамалары берилбей келет. Ал эми анын бирден-бир себеби, өлкөдөгү тийиштүү лабораториялардын жоктугу болуп эсептелинет. Өкмөт менен айыл чарба министрлиги лабораторияларды калыбынына келтирүү жана жаңыларын куруу иштерин аягына чыгара албай убара.

Мүчө болуп кирип алганы менен иш жүзүнө келгенде теңирден-тетири болуп чыкканына президент Алмазбек Атамбаев да баа берип, өлкөнүн даярдыгы жок кирип алганын белгилени бар.

Айыл чарба боюнча адис Жамин Акималиев бул бирикме саясий болбостон экономикалык болушу керек болчу деген оюн билдирди.

“Биримдикте күчтүү мамлекеттер бар болгондуктан, аларга теңелип кетүү бизге кыйын болмок. Атаандаштыкка туруштук бере албай калышыбыз толук мүмкүн болчу. Бажы эрежелерин бүтүндөй изилдеп чыгып, даярдык көрүп анан киришибиз керек эле. Биз өтө шашылыш өтүп алдык ” – дейт Акималиев.

Ошондой эле анын айтымында, бир жылдын ичинде пайдасынан зыяны көп болду.

«Биз буга кайсы бир өнөр жайды, тигүү тармагын же туризмди өнүктүрөлү деп кирген эмеспиз. Айыл чарбасында өндүрүрүлгөн азыктарды сатып дыйкандарды жыргаталы, байыталы деп киргенбиз. Негизги максат айыл чарбасы болгон. Ал эми экспортту алсак жашылча 1,5 эсеге, сүт 1,7 эсеге, пахта менен эт 2 эсеге азайды» — деди ал.

Акималиев казактар оюндагысын жасап картөшкөнү өткөрбөй койгондугун кошумчалады.

«Ал ортодо 250 миң тонна жашылча-жемишти киргизбей койду деген маалымат алдык. Балким, алар биздин айыл чарба продукцияларынын сапаты жогору тургандыктан өзүлөрүнүн ишкерлерине карап жаткандыр. Бирок, биримдиктин эрежелерине ылайык андай болбошу керек. Өкмөт башчы муну Сочидеги жыйынга барганда айтты. Дагы деле фитосанитардык көзөмөл алынбайт. А биз болсо дароо алып салганбыз. Алардын бардык продукциялары өтүп жатат бизге. Уну, сүтү дебей текшербестен, эмне кааласа киргизип жатабыз. Бул жерде  саясий чечим кабыл алыш керек болуп турат. Минтип отурсак, бир жылга жетпей биримдиктен чыгып кетишибиз да мүмкүн» — дейт Акималиев.

Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу саясий чечим болгон жана ошол боюнча калып жатканына токтолду.

«Экономикалык багытта өкмөт берген убадалардын бирөө да аткарылган жок. Мисалы, эбегейсиз рынок пайда болот деп айтылган. Эч кандай рынок пайда болбогонун биз ММКдан чыккан маалыматтардан улам билип жатабыз. Айыл чарба продукциялары, этибиз өтпөй жатат. Көп жардамы тиет деген убадалар аткарылган жок. «150 млн доллар берем деген убадасын Казакстан аткарган жок. Путин 4 жолу убада берип, 4нү тең аткарган жок» деп Атамбаев өзү айтты. Жыйынтыгын өзүбүз көрүп жатабы» — дейт.

Экономика боюнча серепчи Жумакадыр Акенеевдин айтымында, ЕАЭБге мүчө болуудагы бирден бир утуш мигранттар ЕАЭБ өлкөлөрүндө эркин иштей ала турган болду.

«Мурдагыдай тийиштүү документтер талап кылынбайт. 30 күндүн ичинде жумушка кирип же каттоого турушу керек. Мурун ал 3 күн гана болчу. КРдин дипломдору таанылат. Кесип боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк алдык. Бажы посттору алынып, азык-түлүктөр өтүп жатат. Орусиянын 114 шаарында биздин продукциялар сатылууда. Эт менен сүткө гана сертификат берилбей жатат» — дейт.

Андан сырткары орус-кыргыз фонду жемиштүүрөк иштеп калганын айтып өттү.

«Экономиканы эки жылда бир нукка салып кете алабыз. Кирбегенде кара тизмеге кирген мигранттар чыгарылмак эмес. Тынымсыз митингдер болмок. Балким, эмдигиче өкмөт менен президент алмашып кетмек. Кудайга шүгүр оңолуп атабыз» — дейт серепчи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү