Бишкекте билеттерди төмөнкү даректер боюнча жайгашкан байланыш бөлүмдөрүнөн алсаңыздар болот.

№ 1 – Киев көчөсү, 114;

№ 10 – Токтогул көчөсү, 247;

№ 20 – Совет көчөсү, 6;

№ 93 – Чүй проспектиси, 96.

Ош шаарында билеттерди Ленин көчөсү 320 дарегинде жайгашкан башкы почтамттан, ал эми Чолпон-Ата шаарында Совет көчөсү 320 дарегиндеги почта бөлүмүнөн алууга болот.

Мындан сырткары, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине келүүнү каалаган жарандар билеттерди “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016” уюлдук тиркемеси аркылуу алса болот.

Трибунадагы орундарга жараша билеттердин баасы: Оюндардын ачылыш аземине – 300дөн 3800 сомго чейин, жабалыш аземинде – 300дөн 2000 сомго чейин болот.

Расмий сатуу түйүндөрүндө билеттер сатып алуучуну күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлгөндө гана сатылат. Сатуучу-оператор жеке маалыматтарды алгандан кийин маалыматтар базасына киргизет жана атайын жабдуу менен жаранды сүрөткө тартат. Андан соң QR коду бар билетти берет, ал коддо билет сатып алган жарандын жеке маалыматтары (аты-жөнү, сүрөт, паспорттук реквизиттер ж.б.) болот.

Билетти көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине гана алуу керек. Оюндардын алкагында ат майданында (4-7-сентябрь) жана Кырчын жайлоосунда өтө турган спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга кирүү акысыз болот.

Бөлүшүү