13-августта башталган АКШнын Калифорния штатындагы өрттүн токтой турган түрү жок.
Ал калк жашаган Лоуэр Лэйк шаарына чейин жете келген.
Тилсиз жоонун кургакчыл аба ырайынан улам тарап жатканы айтылууда. Азыркы учурда шаардын жарымын коюу түтүн каптап турат.
Почтанын имараты менен бир нече кеңсе күйүп кетти. Эми шаар тургундарына коркунуч туулуп, штат бийлиги 82 миң жашоочуну көчүрүүнү чечкен.
Өрттүн чыгышына себепкер болушу мүмкүн деп 40 жаштагы адам кармалган.