Global Innovation Index аталышындагы ченөөлөр 128 мамлекеттин арасында БУУ тарабынан чыгарылган.

Инновациялык өнүгүшү боюнча Швейцария биринчи орунга чыккан. Андан кийинки катарда Швеция, Англия, АКШ жана Финляндия турат.

Алдыңкы ондукка Сингапур, Ирландия, Дания, Нидерланды жана Гермения кирген. Жакынкы өлкөлөрдөн Орусия 43чү, Азербайжан 85чи, Беларусия 79чу жана Казакстан 75чи орунду ээлеген.

Рейтинг бир нече анализдин көрсөткүчтөрүнөн алынган. Ага өлкөлөрдөгү илимий-техникалык изилдөөлөргө багытталган инвестициялардын деңгээли, инновациялык демилгелердин киргизилиши колдонулган. Андан сырткары билим берүүгө коротулган чыгымдар менен инфраструктуранын өнүгүшүнүн деңгээли кошулган.

Бул рейтинг БУУ тарабынан 9-жолу чыгарылып жана жарыяланып жатат.

Бөлүшүү