Риодогу жайкы Олимп оюндарынын 12-күнү уланууда. Бүгүн 16 комплект медаль ойнотулат.

Бишкек сааты боюнча 19:00дө кыз-келиндер ортосундагы эркин күрөш боюнча мелдештер уланат. Айсулуу Тыныбекова 58 кг чейинки салмакта 20:12де беттешин баштайт.

Айсулуунун 1/8 финалдагы алгачкы атаандашы бразилиялык Жойс Силва.

20-августта дагы бир балбан Айаал Лазарев өз күчүн сынайт. Ал эми 21-августта Магомед Мусаев мелдешке чыгат. Эң акыркы узундукка чуркаган жөө күлүк Илья Тяпкин болмокчу.

Кыргызстандан барган 19 спортчунун 15и өз чыгууларын аякташты.

Азырынча Кыргызстандын капчыгында оор атлетчии Иззат Артыков алып келген бир коло медаль бар.

 

Бөлүшүү