Башкы прокуратура мындай сунушту коюп, бийлик коомдук ишмерге 2 миң 527 барактан турган айып такты.

Анын 2000 жылга чукул мөөнөткө соттолушу өмүрүнүн акырына чейинки жазадан кабар бербей койбойт.

Маалыматтарга ылайык ал 16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетине күнөөлөнүүдө. Төңкөрүштө 240 адам каза таап, 2,1 миң киши жаракат алган.

Анын аркасынан Түркия бийлиги 60 миңдей аскер кызматкери, полиция, сот, бийлик төбөлдөрү, агартуучуларды жумуштан алган. Көбү камакка алынган. Андан сырткары гүленге тиешеси бар делген 130 ММК, 16 телеканал жана 45 гезит жабылган.