Мунайзаттарды аткезчилик менен ташууга каршы көрүлгөн чараларга карабастан мыйзам бузуулардын саны азайган эмес.

Мунайзатка байланышкан меселелердин чечилбей жатканын кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

“Мунайдын импорту 63 миң тоннага азайды. Быйылкы жылдын 7 айынын ичинде бюджет андан 270 млн сомго уттурган. Буга күйүүчү майдын КРге аткезчилик жолу менен ташылуусу кедергисин тийгизүүдө. Биз буга чейин маселе менен өкмөткө кайрылганбыз. Бирок, иштин натыйжасын көрө алган жокпуз. Аткезчилик маселеси ошол эле бойдон калууда” – деди ал.

Кулов мыйзамсыз жолдор  менен мунайдын Казакстандан КРге кирип жатышы бааларда болгон айырмада экенин белгилейт.

“Буга чейин Казакстанда күйүүчү майга болгон баа мамлекет тарабынан жөнгө салынып турчу. Аны алып салгандан кийин баалар көтөрүлүп кетти. Коңшу өлкөдө акциздер менен ташып келүү 4 эсе арзан түшөт” – дейт ал.

Директордун айтымында  теңгенин девальвация болушу да себепкер Мурун теңге 30 тыйын болсо, эми 20 тыйынга түшүп калган.

“Кыргызстанга күйүүчү майды киргизүүдөгү көзөмөлдү күчөтүүнү жана темир жол аркылуу ташуудагы тарифтерди арзандатууну өтүнөбүз.  Андан сырткары, Казакстандын күйүүчү май рыногуна жолдорду ачып берүүнү суранабыз. Антпесе, расмий мунайчылар сатып ала алышпаганы менен эрежени сактабагандар оңой эле алышууда.  Эгерде биз рынокко жол ачып алсак, аткезчилик да маселеси да чечилет эле”, – деп кошумчалады Улан Кулов.