Сокулук районундагы Күн-Туу айылынын тургуну акыйкатчыга кат менен кайрылып, мектептеги мамиле окуучунун өз жанын кыюуга алпарганы тууралуу жазган. 

Күн-Туу айылындагы №19-мектептин 9-классынын окуучусу Б.Н. мектеп директорунун каарына, жемесине жана акча талап кылуусуна кабылган.

Окуучу 16-майда эрте мененки 07:00дө мектепке кеткен боюнча 16:00дө кайтып келген. Ошол мезгилде досунун апасы ага чалып, «түрмөдө чирийсиң» деп коркуткан. Чалуудан кийин бир саат өтпөй Б.Н. ызасына чыдабай өз үйүндө асынып алган.

Каттын ээси болгон окуядан адилеттүү чечим чыгарып берүүнү суранат. Ал баласынын өлүмүнө мектеп директору Г. Курманбекова менен чалып коркуткан досунун энесин күнөлүү деп эсептейт. Эгерде күнөөлөр далилдене турган болсо, калыс жазалоону өтүнөт.

Жакында Бишкек мэриясынын билим башкармалыгын өкүлдөрү менен акыйкатчы институтунун кызматкерлери аталган мектепке барып, эки тараптуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Анын натыйжасында мектеп директоруна сөгүш жарыяланганын акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.