Англияда учурулган узундугу 92 метрлик аппарат тынымсыз 2 жума учуп жүрө алат.

Куруучулары анын 4900 метр бийиктикте уча аларын, ылдамдыгы саатына 148 км жетип, өтө чоң жүктөрдү ташууга жөндөмдүү экенин белгилешет.

Бул аппарат негизи АКШда жасалып баштаган. Америкалыктар аны Ооганстандагы чалгындоолорго колдонууга пландаган эле. Долбоор аягына чыгарылбай калганда, Англиялык Hybrid Air Vehicles компаниясы ишти уланткан.

Учуучу кеменин ичи гелий менен толтурулуп, сырты өтө бышык материалдар менен капталган. Долбоордун ийгилик жаратарынан күмөн санагандар да жок эмес.