Эржан Нурлан уулу 20 жашта. Анын максаты — Гиннестер китебине кирүү.
Эржан кичинекей кезинен бери шахмат ойноп, чеберчиликке кызыга турганын Saat.kgге айтып берди. Бирок үй-бүлөсүндө исскуствого жакын адам жок.
Фигураларды жасоого 9-классынан тарта киришкен. Ошондуктан жазында дүйнөдөгү эң кичинекей шахмат фигураларын жасаган индиялык жаранды көрүп өзүн сынап көрүүнү чечкен.
2006-жылы Гиннестер китебине кирген эң кичинекей шахмат жасаган Маниканданунун тактайы 24 мм кв болгон. Жасалган фигуралардын эң чоңу 10 мм, эң кичинеси 5 мм.
Ал эми Эржан болсо шахматтын тактайы 22 мм кв өлчөмүндө жасаган. Фигуралардын эң чоңу 9 мм, кичинеси 5 мм болгон.
«Бул ишти 8-21 мартка чейин убакыт аралыгында бүтүрдүм. Боёгондо кыйналдым. Бир топ убакытты алып коёт экен»,- деп билдирди жаш чебер.
Эржан өзү Бишкек шаарынын тургуну. Өзүнүн хоббиси менен бош убактысында алектенет. Үйүнөн колдоо таппаганы менен көргөн-билген адамдардын баары таң калат.
Алдыда Эржандын чоң тилектери бар. Кичинекей бычак менен бут кийимден өйдө жасаган жигит эми борбордогу аянттын кичинекей миниатюрасын жасайын деп жатыптыр.
Бирок маалымат жетишсиздигинен улам Гиннестер китебине кирүү жолун билбей келет. Ошондой эле кыргызстандык Ташчайнар деген каймана ат менен таанымал Нурлан Алишеровдон кеңеш сурагысы келгенин билдирди.