Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы күйүүчү май менен калктын керектөө товарларын ташуудагы көптөгөн мыйзам бузуулар ачыктаган.

Аткезчилик фактысы менен, товарлардын аныктамасын туура эмес көрсөтүү, салыктарды төлөөдөн качуу, жасалма документтер менен каржы полициясы тарабынан 73 кылмыш иши козголгон.

Жалпы чыгымдардын саны 44,2 млн сомду түзуп, 26 кылмыш иши сотко жиберилгенин жана 3 млн 670 миң сом өндүрүлүп алынганын ЭККМКнын оперативдик башкармалыгын башчысы Тимур Мадяров билдирген.