Кылычбек Султанов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Ал кечээ кызматтан кетүү үчүн арыз жазган. Кызматтан кетүүсүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршылыгы менен байланыштырды.

Бул кызматка Султанов 2014-жылы дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү