Лос-Анжелесте музей кызматкерлери 80 миңге жакын экспонаттын онлайн коллекциясын колдонуучуларга сунуштады. 

Аларды жүктөп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпы сүрөттөрдүн арасынан коомчулуктун көрүүсүнө татыктуу делгендери тандалып алынып, лицензия менен бериле тургандарына чектөөлөр киргизилген.

Көрүүчүлөргө жеткиликтүү болушу үчүн онлайн китепканага алгач 20 миң сүрөт коюлган. Эми саны дагы көбөйтүлдү.

Экспонаттар “америка искусствосу”, “тынч океандын аймагындагы искусство” болуп классификацияларга бөлүнгөн.

Бөлүшүү