Бүгүн өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районундагы жер жана мөмө жемиш базасынын абалы менен таанышты.

Мурунку жылы логистикалык борборго 100 миң тоннага жакын жемиш сакталган эле. Жакын арада жемиштерди жайгаштыруу көлөмүн чоңойтуу жана сактоо ыкмаларын жакшыртуу пландалууда. Ал эми базанын жайгашуу аянты 600 чарчы метрди ээлейт. Сакталган жемиштер ички рынокко керектелип, сыртка да жөнөтүлөт.

Азыркы тапта Ош облусуна аналогдук логистикалык борборду куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сооронбай Жээнбеков сөз кезегинде өлкөгө мындай жайлар зарыл экегин, алар дыйкандардын продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге экспорттоого жардам берерин билдирген.

Андан тышкары премьер Араван районундагы социалдык обьектилердин курулушу менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.