Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан шаар тургундарынын үй жаныбарлары дарыланды.

Анда 754 ит-мышык каттоодон өтүп, аларга паспорт берилди жана 1776сы эхиноккокоз оорусуна каршы эмделди.

Ошондой эле атайын мал доктурлардын тобу түзүлүп, тургундардын жайлоодо жүргөн жандыктарын кароодон өткөрүп келди. 3151 козу-улактарга бруцеллёз ылаңына каршы көзгө тамчылатуу ыкмасы менен эмдөө жүргүзүлгөнүн аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.