Фейсбук социалдык тармагында коло медаль үчүн күрөшүп, жеңишти алдырып жиберген Айсулуу Тыныбекованы 3-орундун байгеси менен сыйлоо сунушу күч алды.

Аталган петиция Алмазбек Атамбаевге арналып 2 саат ичинде көптөгөн адамдар колдоп, бөлүшүүгө жетишти.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=10208695290853777&set=a.1264341422758.38367.1656433558&type=3&theater

«Президент Алмазбек Атамбаевди Айсулуу Тыныбекованы бронза медалына берилүүчү сыйлык менен сыйлоону суранам. Айсулуу жеңишке бир кадам жетпей калса да, аягына чейин күрөштү. Ал баарына үмүт берип, Кыргызстандын намысын кандай коргоо керек экендигин көрсөттү. Келгиле биз дагы колубуздан келген кичинекей нерсени кылабыз»,- деп жазылат кайрылууда.

Айсулуу Тыныбекова 58 кг чейинки салмакта бразилиялык жана финляндиялык атаандашын жеңип жарым финалга өткөн.

Бирок 1/2 финалда орус балбан кызына жеңишти алдырып жиберген. Ал эми коло үчүн болгон беттеште индиялык Сакши Маликтен жеңилген. Жыйынтыгында балбан кыз 5-орунга ээ болгон.

Эскерте кетсек, 5-орун үчүн 1 млн сом, ал эми коло медаль үчүн 3,5 млн сом берилет.

Казакстанда бокс боюнча Олимп оюндарынын күмүш медалчысын Василий Левитти алтынга тете жеңиш деп таап, чемпион катары сыйлашкан.

Бөлүшүү