Соттолгондордун саны 20 миңге жеткенин өлкөнүн премьер-министри Биналы Йылдырым билдирди.
Ошондой эле бул арада 80 миңге жакын адам кызматынан алынган. Бийликтин 38 миң адамды боштондукка чыгарууну пландап жатканы да айтылган эле. Буга түрмөлөрдүн толуп кеткени себеп болгон.
Өлкөдө мындай кырдаал 16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетинен улам жаралган. Калабага коомдук ишмер жана оппозиционер Фетхуллах Гүлен күнөөлөнүүдө. Ага карата бийлик кылмыш ишин козгоп, прокуратура эки өмүрлүк камак мөөнөтүн сунуштаган.