Экс-премьер-министр Темир Сариев Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген парламенттин 5 фракциянын лидерлерине кайрылуу жасады.

Анда Сариев коомдук талкууга деп силер сунуштаган 1 айлык мөөнөт өтө аз экенин айткан. Ошондой эле бул убакытта талкуу жүргүзүү, бардык сунуштарды топтоо, аларды экспертизадан өткөрүү, аларды Конституциянын долбооруна киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алуу кыйын экенине токтолгон.

“Атайын орган Конституциялык кеңешме түзүү зарыл. Ага бийликтин өкүлдөрү эле эмес, оппозиция, белгилүү эксперттер кириши шарт. Ошондо гана коомдук талкууну толук кандуу деп айтууга болот. Бардык коомдук-саясий күчтөрдүн, компетенттүү адистердин пикирин угуу кажет. Ошондо гана коомдук келишимге жетишебиз», — деп экс-премьер билдиргенин журналист Назира Ахмедова маалымадады.