18-августта Октябрь райондук сотунда Бишкек ШИИБнин жол кайгуул кызматынын экс-башчысы Зумрад Жанабаеванын үстүнөн сот процесси уланмак.

Жетектөөчү соттун ооруганына байланыштуу сот белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Зумрад Жанабаеваны 24-мартта кармап кетишкен. Аны менен бирге бул иш боюнча кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Түлеева дагы жоопкерчиликке тартылды.

Экөө тең  кызмат будамайы жана кызматынан кыянаттык менен колдонуу беренелери менен айыпталууда.

Бөлүшүү